Чыңгыз Төрөкулович Айтматов

Автор работы: Пользователь скрыл имя, 03 Марта 2013 в 13:08, реферат

Краткое описание

Чыңгыз Төрөкулович Айтматов (1928-2008) - кыргыз жана орус тилдеринде жазган советтик жана пост-советтик жазуучусу, Кыргыз ССРнин эл жазуучусу (1974), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978), Кыргыз Эл Баатыры.
Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12-декабрда азыркы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Киров районуна караштуу Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Ал кезде Шекер айылы СССРдин РСФСРинин Кыргыз АССРинин Талас кантонунда болчу.
Атасы Төрөкул Айтматов КПССтин Кыргыз обкомунун катчысы болгон.

Прикрепленные файлы: 1 файл

Айтматов Чыңгыз Төрөкулович кыргызча 2.doc

— 108.00 Кб (Скачать документ)

 

 

 

 

 

 

Реферат

На тему:

«Чыңгыз Төрөкулович Айтматов»

 

 

 

 

Выполнил:

Бакиров Урмат 4 «Г» класс

 

Чыңгыз Төрөкулович Айтматов (1928-2008) - кыргыз жана орус тилдеринде жазган советтик жана пост-советтик жазуучусу, Кыргыз ССРнин эл жазуучусу (1974), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978), Кыргыз Эл Баатыры.

Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12-декабрда азыркы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Киров районуна караштуу Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Ал кезде Шекер айылы СССРдин РСФСРинин Кыргыз АССРинин Талас кантонунда болчу.

Атасы Төрөкул Айтматов КПССтин Кыргыз обкомунун катчысы болгон. Төрөкул 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз жерден "пантүркист" катары атылып кеткен. Эл ичинде кадыр-барктуу, көрүнүктүү адамдардан болгон.

Апасы, Нагима Хамзеевна Айтматова - теги боюнча караколдук татар. Жергиликтүү  театрда актриса болгон. Билимдүү, эл оозуна алынган, акылдуу аялдардан  болгон. Анын атасы Хамза Каракол  шаарындагы бай жана интеллектуал татарлардан болгон.

1942-жылы II Дүйнөлүк согуштун кесепетинен Чыңгыз Айтматовго мектепти убактылуу таштоого туура келет. Ал убакта Айтматов 14 жашта эле. Шекер эли аны кат-сабаттуу болгондуктан айыл өкмөтүнүн катчысы кылып шайлап коёт. Ошол кезде жаштардын арасында кирилче кат тааныган улан-кыздар саналуу гана эле (калгандары кыргыздын арапча же латынча жазмаларын билишкен). Жаш Чыңгыздын башына кыйынчылыктар түшөт. Бирок ал баарына чыдамкайлык менен туруштук бере алды.

Андан кийин ошол эле согуш жылдарында райондук салык чогултуучу болуп иштейт. Айыл калкынан салык чогултат. Бирок согуш маалында ага салык чогултуу оңойго турган жок. Бир жылдан кийин, 1944-жылы август айында бул ишин өз эрки менен таштайт да, тракторлук бригаданын эсепчиси болуп иштейт.

1946-жылы, сегизинчи классты аяктагандан кийин Жамбылдагы зооветеринардык техникумга окууга өтөт. 1948-жылы техникумду мыкты аяктап бүтүргөндөн кийин Кыргыз айыл-чарба институтуна окууга кирет. Аны дагы 1953-жылы мыкты аяктайт.

90-жылдардан баштап СССРдин жана  Кыргыз Республикасынын дипломатиялык миссияларын башкарган.

2008-жылы 16-майда Татарстанда сапарда  жүргөн чагында бөйрөгүнүн иштебей  калганына байланыштуу жазуучунуГерманиянын Нюрнберг шаарынын ооруканаларынын бирине жеткиришет. Ал жакта 2008-жылдын 10-июнунда пневмония оорусунун кесепетинен жазуучу көз жумду.

Маркумдун сөөгү Кыргызстандагы Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Чоң-Таш айылындагы Ата Бейит көрүстөнүнө коюлду.

Чыгармачылары:

  • 1952 - "Гезитчик Дзюйо" (аңгеме), "Мы идём дальше" (аңгеме)
  • 1953 - "Сыпайчы" (аңгеме)
  • 1954 - "Ак жаан" (аңгеме), "На богаре" (аңгеме)
  • 1955 - "Асман көпүрө" (аңгеме), "Түнкү сугат" (аңгеме)
  • 1956 - "Трудная переправа" (аңгеме)
  • 1957 - "Бетме-бет" (повесть)
  • 1958 - "Жамиля" (повесть), "Лицом к лицу" ("Бетме-бет" повестинин котормосу), "Соперники" (аңгеме)
  • 1961 - "Верблюжий глаз" (аңгеме), "Тополёк мой в красной косынке" (повесть), "Биринчи мугалим" (повесть)
  • 1962 - "Первый учитель" ("Биринчи мугалим" повестинин котормосу)
  • 1963 - "Саманчынын жолу" (повесть), "Повести гор и степей" ("Тополёк мой в красной косынке", "Жамиля", "Первый учитель", "Верблюжий глаз" повесттери кирет), "Материнское поле ("Саманчынын жолу" повестинин котормосу)
  • 1964 - "Красное яблоко" (аңгеме)
  • 1966 - "Прощай, Гульсары" (повесть)
  • 1968 - "Атадан калган туяк" (аңгеме), "Жаныбарым Гүлсары" ("Прощай, Гүлсары" повестинин котормосу)
  • 1970 - "Белый пароход" (повесть)
  • 1972 - "Солдатёнок" ("Атадан калган туяк" аңгемесинин котормосу), "Свидание" (аңгеме)
  • 1973 - "Фудзиямадагы кадыр түн" (пьеса)
  • 1975 - "Ранние журавли" (повесть), "Манас атанын ак кар, көк музу" (очерк)
  • 1977 - "Пегий пёс, бегущий краем моря" (повесть)
  • 1980 - "Кылым карытар бир күн" (роман)
  • 1986 - "Плаха" (роман)
  • 1996 - "Кассандранын эн тамгасы" (роман)
  • 1998 - "Встреча с одним бахаи" (Фейзолла Намдар менен болгон сүйлөшүү)
  • 2006 - "Тоолор кулаганда" (роман)

Информация о работе Чыңгыз Төрөкулович Айтматов