Чыңгыз Айтматов

Автор работы: Пользователь скрыл имя, 08 Марта 2013 в 18:41, биография

Краткое описание

Талас өрөөнүн жарып, далай тарых-тагдырларды кылым бүктөмүндө калтырып, өмүрдүн элеси сыяктанып, Күркүрөө суусу агып жатат. Анын боюнда Шекер деген кичинекей айыл бар. Ушул айылда Чыңгыз Айтматов 1928-жылдын 12-декабрында туулган. Анын баёо балалыгы ушул суунун кылаасында, Шекер кыштагында өттү, дал ушул саяда ал дүйнөнү таанып-билди. Атасы ак жерден атылып, энеси жаш балдарын бооруна кысып, Шекер айылына келгенде, Чыңгыз тогуз гана жашта эле. Анан шумдуктуу күндөр башталып, кан күйгөн согуш алааматы кирип келди. Эр-бүлөнүн бардыгы майданга аттанды.

Прикрепленные файлы: 1 файл

Чыңгыз Айтматов.docx

— 20.96 Кб (Скачать документ)

Чыңгыз Айтматов

(1928)

 

 Талас өрөөнүн жарып,  далай тарых-тагдырларды кылым  бүктөмүндө калтырып, өмүрдүн элеси  сыяктанып, Күркүрөө суусу агып  жатат. Анын боюнда Шекер деген  кичинекей айыл бар. Ушул айылда  Чыңгыз Айтматов 1928-жылдын 12-декабрында  туулган. Анын баёо балалыгы  ушул суунун кылаасында, Шекер  кыштагында өттү, дал ушул саяда  ал дүйнөнү таанып-билди. Атасы  ак жерден атылып, энеси жаш  балдарын бооруна кысып, Шекер  айылына келгенде, Чыңгыз тогуз  гана жашта эле. Анан шумдуктуу  күндөр башталып, кан күйгөн согуш  алааматы кирип келди. Эр-бүлөнүн  бардыгы майданга аттанды. Эми  айылдагы бардык жумуш кары-картаң, кыз-келиндер менен Чыңгызга окшогон  балдарга жүктөлдү. Ал араба айдап,  чөп чаап, суу сугарып, акыры  тири карак, зээндүү бала айыл  кеңешинин катчысы, салык жыйнагыч  кызматтарга чейин көтөрүлдү.  Согуш аяктаганда кыштак элинин  карапайым турмушу менен көйгөйлүү  тиричилиги боз уланды кызыктыра  бербегендиктенби, айыл чарба техникумуна  кирип, аны бүткөндөн кийин  борбор калаабыздагы айыл чарба  институтунда окуусун улантты.  Анын чыгармачылык иши да дал  ушул студенттик жылдарында башталды. Адегенде ал котормо ишине  кызыгып, бир нече чыгармаларды  которуп, "Орусча-кыргызча сөздүк" туурасында макала да жазды.  Акыры бул иш аны Т. Сыдыкбековдун  "Тоо арасында" романынын 2-китебин  которууга алып келди.

 Институтту бүтүп, зоотехник  болуп иштеп жүргөндө да, Ч.  Айтматов адабияттан кол үзбөй,  алгачкы аңгемелерин жарыялап, анан  биротоло чыгармачылык ишке өтүү  максатында Москвадагы Жогорку  адабий курска кирди. Бул курсту  бүткөндөн кийин "Литературный  Кыргызстан" журналынын редактору,  бир нече жыл "Правда" газетасынын  Кыргызстан, кийинчерээк Орто Азия  республикасы боюнча кабарчысы  болуп иштеди. Андан ары чыгармачылыктын  пири колдоп, ыкыбалы келе берди.  Жазуучунун өзүнүн айтымына караганда,  ал адабияттын ыйык дарбазасын  кечигип ачып, тырмак алды чыгармасы  25 жашында гана жарык көрүптүр. Чоң талант дайым жупуну жана  басмырт келет. Ал алгачкы "Ак  жаан", "Түнкү сугат", "Асма  көпүрө" сыяктуу аңгемелерин эң  болбогондо эсепке да кошпой, түз эле "Бетме-бетти" өзүнүн "биринчи адабий дебюту" катары  карайт. А чындыгында мына ушул  машыгуу максатында жазылган  биринчи аңгемелерде "кыргыз  адабиятынын чоң дарбазасын айкын  позициясы бар таланттуу жаш  жазуучу черткилей баштаганы"  же "бул аңгемелердин артыкчылыгы  андагы сюжеттин оригиналдуулугунда" болуп, "автор сюжетти курууда  кыргыз аңгеме жанрына жаңылык  киргизди" (К. Асаналиев). Алардын  арасында айрыкча "Асма көпүрө" өзүнчө бөлүнүп турат. Анткени  ал "дал ушул аңгемесинде Нурбек  менен кошо чыгармачылыктын наркы  өйүзүнөн, чыныгы чыгармачылыктын  берки өйүзүнө машакаттуу асма  көпүрөдөн өткөнү талашсыз" (К.  Бобулов). Ошентип, Ч. Айтматов  биринчи аңгемелеринде эле ошол  кездеги "телегейи тегиз", же  бүтүндөй терс, же бүтүндөй оң, коёндой окшош, "бир беткей" кейипкерлерди жаратуудан качып,  ириде дал ушул каарман проблемасынын  туура чечилиши үчүн көндүм  болгон көнүмүш адаттардан башкача  мүнөздө изденди. Кийинчерээк  каарман проблемасына карата  жазуучунун бул эстетикалык жаңычыл  көз караштары "Мүнөз жана  азыркы учур", "Замандашым менен  сыймыктанам", "Оң каарман дегенибиз  ким?" деген макалаларында андан  ары тереңдетилди.

1957-жылы "Бетме-бет"  жарык көргөндөн кийин бир  жыл өтүп-өтпөй М. Ауэзов менен  Л. Арагонду тамшандырып, "Сүйүү  жөнүндөгү дүйнөдөгү эң улуу  дастан" деген баага арзыган  "Жамийла" повести жаралды.  Мына ушундан кийин адабий  чөйрөдө Ч. Айтматовдун арааны  биротоло жүрүп, дүйнөнү таң  калтырган чыгармаларды биринин  артынан экинчисин жаратты. Ушул жагынан алып караганда, "Жамийла" - Ч. Айтматовдун акжолтой, топ бузар чыгармаларынын алгачкысы, алпештеген ардагы. Ырасында да сүйүү жөнүндө кимдер гана жазбады. Канча жазуучу, канча акын, канча акылман калемин мокотуп, кагаз коротподу. Байыркы уламыштар менен мифтерде да, же чыгыш элинде ашыглыктын туу чокусу деп эсептелген "Лайли менен Мажнунда" да Айтматовдун чыгармасындагыдай сүйүү мынчалык жерине жеткире даңкталган эмес. Анан ошол көөдөнгө батпаган улуу махабатты көкүрөктү жара тээп чыккан не бир кооз күү кайрыктарына салып безеленткен Даниярдын обону, авазы сүйүү жөнүндөгү улуу дастан эмей эмне?

 Чоң адабиятка адеп  келгенде эле Ч. Айтматовдун  көркөм ойлоосу, кесиптик камылгасы  өзүнүн калемдештеринен башкача  экени даана байкалды. Ошондуктан  адабиятчылар айтып жүргөндөй,  жорго сөзгө, жайбаракат баяндоо  ыгына көнгөн кыргыз окурмандары  "Бетме-бет", "Жамийла", "Биринчи  мугалим" повесттерин анча  жылуу кабыл алышпады. Согуштун  катаал жылдары жоокерлер моралдык  колдоого муктаж болуп турганда, Жамийланын майдандагы күйөөсүн  күтпөй, салт-санааны бузуп, кайдагы  бир "селсаякты" ээрчип кетишин,  чыккынчы Ысмайылдын чыгарманын  баш каарманы болушун окурмандар  эле эмес, кала берсе сынчылар  да анча жактыра берген жок.  Себеби ал кезде жазуучулар  да, окурмандар да жылмаланган  бир жактуу турмуштук сыпаттоолорго  жедеп көнүп калган болчу. Ал  эми Чыңгыз Айтматов ошо көнүмүштү  бузуп, турмуштун ар тарабын  тайманбай ачып берип, жалтанбас  ойлору, көз карашы менен баамга  урунду. Ошондуктан анын көөнөрбөс  көркөм дүйнөлөрүнө ар кандай  окурмандар, сынчылар, дегеле сөз  өнөрүн баалаган искусствонун  башка тармагындагылар да улам-улам  кайрылууга мажбур боло башташты. Анткени ал башкалар бере албаган  жөнөкөй көзгө көрүнүп турган  турмуш чындыгын өзгөчө көркөм  кабылдоодон өткөрүп, өзүнчө бир  кооз дүйнө катары терең философиялык  жалпылоолор менен окурманга  жеткире алды. Ошентип жаш жазуучунун  Сейде, Жамийла, Данияр, Ысмайылдары  көркөм образ катары адабиятыбызда  чоң жүк көтөрүп, турмуш чындыгы  чыгармада ашкере шөкөттөөсүз  эле сүрөттөлсө да, артыкчылыкка  ээ болорун кадиксиз далилдеп  салды.

 Чыңгыз Айтматовго 35 жашында  Лениндик сыйлыктын ыйгарылышы  бул жөн гана улуттук азчылыкка  "боор ооруу же камкордук"  эмес эле деп эсептешет адабиятчылар. Сыйлыкка арзыган чыгармаларында  чынында эле Чыңгыз башка жазуучулар  ийине жеткире ачып бере албаган  адам рухунун татаал дүйнөсүн, ички сезимдерин сом темирдей  чулу ойлор менен сыпаттады.  Ошондон улам ал кезде адабий  журтчулук, карапайым жөнөкөй  окурман Айтматовдун ар бир  чыгармасын чыдамсыздык менен  күтүп турду. Анткени, анын  соолбос булактай уюткулуу ойлору  турмуштун не бир асман мелжиген  ашуулары менен айкашып, адабиятта  али бут баспаган жаңы чыйырларды  салып жатты. Чыгармачылыгы дүркүрөп  турганда жаралган "Жаныбарым,  Гүлсары" повестинин СССР Мамлекеттик  сыйлыгын алышы да мыйзам ченемдүү  деп айтса жарашат. Арийне, кеп  сыйлыкта деле эмес. Бирок чыгаан  сынчылар аны мурдагы совет,  айрымдары дүйнөлүк адабияттагы  урунттуу окуя деп баалашканынын  өзү да көңүл бурарлык жагдай. Бул этаптуу көркөм нарк окурманга  кезектеги бир бийиктик катары  эсептелген менен, адабият билермандарына  жөнөкөй нерседен инсандык бийиктикти  таап алып чыккан, жаңыча ой  жоруу катарында көрүндү.

 Сынчы В. Озеров айткандай,  Чыңгыз - "көшөрүп олтуруп азаптуу  жеңиштерге жеткен күрөшчүл адамдардын  асылдыгын даңазалаган акын". "Жер жарылса, акындын жүрөгү  аркылуу өтөт" деп бекеринен  айтылбайт. Айтматовдун акындык  өзгөчөлүгү башканын, а түгүл  бүткүл адамзаттын кайгысын өз  кайгысындай кабыл алганында.  Ошон үчүн адам турмушундагы, жаратылыштагы жан ачыткан өксүктөрдү  ал өзүнүн көркөм туундуларында  өз жүрөгүнөн өткөрүп, аны жалпы  адамзаттын тагдырына тиешелүү  кырсыктай, ал үчүн жапа тырмак  күрөшүү бүткүл адам баласынын милдетиндей ынанымдуу сүрөттөйт. Биз муну жазуучунун жүрөк зилдеп жазылган публицистикаларынан, кооз жартылышты коргоого үндөгөн "Ак кеме" согуш апаатынын жаш жүрөктөргө так салган кесепетинен сактоого чакырган "Эрте келген турналар" повесттеринен, ыйманыбызды сактап, пейилди оңдоо үчүн элдик таалимчиликти жар салган "Фудзиямадагы кадыр түн" драмасынан, тунук сүйүүнү даңазалап, таза сезимдүү наристенин көзү менен караткан "Жамийла", "Кызыл алма" чыгармаларынан көрөбүз. Булардын баары чакан жанр деп эсептелген менен, аларда "океандай ой каткан" эпикалык арым, сыйымдуулук бар. Дегинкиси Айтматовдун чыгармачылыгына Шолоховдукундай "сакадай бою сары алтын" форма, ага бап мазмун мүнөздүү. Кээ бир эптекей жазмакейлер андай зор ойду романга сыйдыра албай чайналат. Ал эми Ч. Айтматовдун ар бир туундусунда сөзгө сараңдык, аны барктай билүү сыяктуу чеберчиликтин укмуштуу үлгүсү бар.

 Ч. Айтматов роман  жанрына 1980-жылы кайрылып, "Кылым  карытар бир күндү" жаратты.  Сүрөткердин чоң жанрга кайрылышын  иликтөө да өзүнчө аңтарып  бүткүс айдың. Дал ушул мезгилде  анын калеми курчуп, адам турмушун  кеңири полотного чагылдырууга  дарамети жетип калган эле.  Анын үстүнө акылга дыйкан  адамдын тажрыйбасы да артып,  терең деңиздей чалкыган философиялык  толгонуулары менен ой-чабыттарын  чакан жанрга сыйдырууга мүмкүнчүлүк  болбой калды. Адам турмушундагы  жакшылык менен жамандыктын, адилеттик  менен адилетсиздиктин, акылдуулук  менен наадандыктын ортосундагы  түбөлүктүү күрөштү таасындап,  бардык жагынан кеңири көрсөтүү  үчүн роман кыйла ийкемдүү  экени белгилүү. Эми жазуучунун  алдында адамзаттын бейкут келечегин  камсыз кылуучу бир туугандык,  достук, ынтымактык сыяктуу ыймандуулукту  биринчи планга алып чыгып,  терең философиялык маанидеги  проблеманы көтөрүп, аны өзгөчө  көркөм ык менен чагылдыруу  үчүн социалдык-психологиялык жана  фантастикалык кыялдын ширөөсүнөн  бүткөн көркөм дөөлөт жаратуу  зарыл эле. Дал ушул ойду  жазуучу карапайым Казангап менен  Эдигейдин турмушу, ой-санаасы  аркылуу ишке ашырууну ойлоду. Романда цивилизация менен жупуну  турмуштун, жамандык менен жакшылыктын  жанаша жашоосун туташтырып тургансыган  поезддин батыш менен чыгыштын  ортосунда күрөө тамырдагы кандай  агылып, турмуш ыргагын туюндурушу  бекеринен чыгарманын лейтмотиви  катары кабыл алынып отурган  жери жок. Илим менен техника  өркүндөп, ал жалпы адам үчүн  кызмат кыла турган заманда  элдин пейили кетип, жерде бейкут  жашоо кыйындап калганда, балким, башка ааламда жашоо жакшы  болуп жүрбөсүн деген толгонуусун  бекемдөө максатында жазуучу  чыгармага фантастикалык сюжетти  кошкону, ыйманыбыздан ажырап  баратканыбызды маңкурт жөнүндө  уламыш аркылуу тымызын каңкуулап  жатканы орундуу табылган табылгадай  кабыл алынат.

 Жалпы адамзаттын башына  түшкөн мүшкүлгө чоң жазуучу  кайдыгер карай албайт. Ошон үчүн  ал өзү уюштуруп, төрагасы болуп  шайланган "Ысык-Көл форумунун"  жардыгында: "Төгөрөктүн төрт  бурчуна таралган, аябагандай татаалдашып  кеткен кризистер жалпы эле  адамзат жамаатынын келечегине  коркунуч келтирмекте. Алдыда  мындан да татаал проблемалар  жарала тургандыгы айдан ачык, аны чечүүгө караманча жаңы  көз караш, дүйнө мамлекеттеринин  биргелешкен күч-аракеттери керек", - деп жазып отурат. Адамдардын  рухунун жардыланышынан табият  жапа чегип, карышкырдан жаман  болуп баратканыбыз, баңгиликтин  кесепети тукум курут болуу  коркунучуна кириптер кыларын,  ал акыры кыямат кайымга алып  келерин, аны кандайдыр бир  ишеним аркылуу жөнгө салып,  адамдарга ыйманын кайтарып берүү  зарыл деген омоктуу ой "Кыямат" романынын бүт тулку боюна  чөгөрүлгөн. Бул роман - планетанын  башына түшкөн оор мүшкүлдү, өтө  кыйын экологиялык абалды көркөм  иликтөөгө алган, адам менен  табияттын ортосундагы улам тереңдеп  бараткан жараканы, карама-каршылыктарды  таасын ачып көрсөткөн баасы  кымбат чыгарма.

 Бүткүл адамзаттык  көйгөйлүү маселелерди көтөрүп,  адам жүрөгүндөгү ачыкка чыга  албай турган ойлорду айтып,  талаш-тартыш чыгарууга жем таштап, толгонуп-түйшөлүүгө мажбурлаган  сүрөткерлер дүйнөдө чанда чыгат.  Ч. Айтматов дал ошондой сейрек  кездешчү залкар таланттардан. Буга  анын "Кассандра тамгасы" романы  жандуу күбө. Фантастика менен  реалдуу турмуштун ширөөсүнөн  бүткөн бул чыгарма ыйман-дилибиздин  аябай бузулуп баратканын жар  салып, бүт адамзаттын акыл-оюн  ээлеп алып, дүйнө окурмандарынын  арасында "чуу" көтөрдү. Роман  туурасында далай оош-кыйыш пикирлер  айтылды, дагы айтылмак. Анын ар  бир чыгармасы - адабият айдыңындагы  жаңылык. Алар жөн гана маалымдуулук, жаңылык эмес, терең ойго сугарылган, адамдарга руханий гүлазык берип,  жаңыча көз караш менен жашоого  үндөй турган кудурет-күчкө эгедер  чыгармалар. Ошондуктан окурман  анын чыгармаларын чыдамсыздана  күтөт.


Информация о работе Чыңгыз Айтматов