Айчүрөк» жана «Манас» опералардын артисттери, кыргыз акындар

Автор работы: Пользователь скрыл имя, 07 Ноября 2013 в 18:44, курсовая работа

Краткое описание

Ушул сыяктуу эле мен да биздин опера-балет театры «Манас» эпосу жөнүндө жана аттуу Кыргыз Эл артисттер жөнүндө терең билгим келип жана башка балдарга билсин деп төмөнкүдөй маселелерди максат кылып койдум:
жалпы маалыматтарды билүү
коюлган опералардын негизин түшүнүү;
опера-балет театры «Манас» эпосу жөнүндө жыйноо, изилдоо иштери;
артисттер, акындар жөнүндө маалымат алуу.

Содержание

Кириш сөз............................................................................................................................................2
1 бөлүм. «Айчүрөк» операсы.........................................................................................................3-5
2 бөлүм. «Манас» операсы............................................................................................................6-10
3 бөлүм. Айчүрөк» жана «Манас» опералардын артисттери, кыргыз акындар.....................11-16
3.1. Маликов Кубанычбек Иманалиевич………………………………………………………....11
3.2. Турусбеков Жусуп Турусбекович…………………………………………...……………….11
3.3. Бөкөнбаев Жоомарт…………………………………………………………………………...12
3.4. Кытаев Насыр............................................................................................................................12
3.5. Касымов Эркин Өмүркулович...............................................................................12
3.6. Аманбек Нуртазин..................................................................................13
3.7. Миңжылкиев Болот Абдылдаевич .......................................................................................................................................................13
3.8. Жалгасынова Дарыйка........................................................................................................................................13
3.9. Сайра Кийизбаева.................................................................................................................13-14
3.10. Артык Мырзабаев................................................................................................................................................14
3.11. Молдокулова Эсенбүбү......................................................................................................................................14
3.12. Чодронов Кадырбек............................................................................................................14-15
3.13. Кайыргүл Сартбаева................................................................................................................15
3.14. Мухтаров Хусейн.....................................................................................................................15
3.15. Ашыралы Боталиев..................................................................................................................15
3.16. Жапар Садыков...................................................................................................................15-16
3.17. Куттубаев Аманкул..................................................................................................................16
3.18. Баетов Муса Баетович.............................................................................................................16
3.19. Махмутова Мариям.................................................................................................................16
Жыйынтык........................................................................................................................................17
Колдонулган адабияттар...............................

Прикрепленные файлы: 1 файл

I1.doc

— 4.44 Мб (Скачать документ)

 

Молдокулова Эсенбүбү (8 с.) 1941-жылы Талас районунда Кең-Арал айылында туулган. Кыргыз ССРинин эл артисти. Москвадагы П.И.Чайковский атындагы консерваториянын музыка окуу жайын 1962-жылы бүтүргөн. Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтун 1972-жылы бүткөн. Молдокулова кыргыз, орус жана дүйнөлүк классикалык опералардан негизги партияларды ырдаган. «Айчүрөк» операсында Айчүрөктун, «Манас» операсында Каныкейдин партияларын аткарган.

 

 

3.12. Чодронов Кадырбек

 

Чодронов Кадырбек Аламүдүн районунда Баш-Карасуу айылында 1920-жылы туулган. Кыргыз ССРинин эл артисти, Москва консерваториясында улуттук студиясын окуган. «Айчүрөк» операсынын Семетейдин, Канчоронун, Түмөнбайдын, «Манас» операсынын Манастын партияларын чебер аткарганга жетишкен. Эмгек Кызыл Туу орденинин жана медалдарынын ээси.

 

 

3.13. Кайыргүл Сартбаева

 

1936-жылы Кемин районундагы Кара-Булак айылында туулган. СССРдин эл артисткасы. Азия менен Казакстандын вокалисттеринин 2-конкурсунун лауреаты. Москвадагы П.И.Чайковский атындагы Мамлекеттик консерваторияны 1926-жылы бүтүргөн. «Манас» операсында Каныкейдин, «Айчүрөктө» Айчүрөк, Калыймандын образдарын жогорку чеберчиликте аткарган.

 

 

3.14. Мухтаров Хусейн

 

Мухтаров Хусейн (9 с.) 1938-жылы,Чүй районундагы Кең-Булун айылында төрөлгөн. СССРдин эл артисти. Актердун аткарган образдарынын ичинде ар кыл жанрдык ролдордон тартып эпостук чыгармалардын негизинде жазган драмалык образдарга чейин бар. Мухтаров «Манас» операсынан Манас менен Коңурбайдын партияларын аткарган.

 

 

3.15. Ашыралы Боталиев

 

Ашыралы Боталиев Чүй районундагы Арык айылында туулган. Кыргыз ССРинин эл артисти. Улуттук театр өнөрүн баштоочулардын бири Боталиевдин «Манаска» байланышкан чыгармачылык илимердүүлүгү «Айчүрөк» операсындагы Чынкожонун партиясын аткаргандан башталат. «Манас» операсында Бокмурундун партиясын аткарат.

Ал Ленин, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендердин ээси.

 

 

3.16. Жапар Садыков

 

Жапар Садыков 1909 -жылы Аламүдүн районундагы Орто-Алыш айылында туулган. Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, опералык ырчы, актер.

«Айчүрөк» операсында Семетейдин ролун алгач аткарган кийинчирээк Чынкожонун ролун аткарган. «Манас» операсында да Манастын ролун алгач аткарган ырчы.

1952-1962ж – жылдары филармониянын директору болуп иштеген.

 

 

3.17. Куттубаев Аманкул

 

Куттубаев Аманкул 1907-жылы Сокулук районундага Белек айылында туулган Кыргыз ССРинин эл артисти. Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты. 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосунун декадасында «Айчүрөк» операсын коет, озүнүн режиссерлук дареметин көрсөта алды. Куттубаев «Манас» операсын Р. Захаров менен бирдикте койгон.

Ленин, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

 

 

3.18. Баетов Муса Баетович

 

Баетов Муса Баетович 1902ж. Ак-Талаа районунун Байгончок айылында туулган. Ырчы, обончу, Кыргыз ССРинин Эл артисти. Муса Баетов «Манас» операсынан Алманбет менен Сыргактын, «Айчүрөк» операсынан Күлчоронун партияларын аткарган.

 

 

3.19. Махмутова Мариям

 

Махмутова Мариям (10 с.) Фрунзе шаарындагы Токолдом айылында 1920-жылы туулган, опера ырчысы. Кыргыз ССРинин эл артисти 1939-жылы Москвадагы Кыргыз искусствосунун декадасына катышкан. Махмутова диапазону кенен кооз тембрлуу үнү менен айрымаланат 1939-жылы «Айчрөк» операсынан Чачыкейдин, 1949-жылы «Манас» операсынан Оронгунун партиясын аткарган. Ленин орденинин ээси.

 

 

 

 

Жыйынтык 

 

Мен түшүндүм, «Манас» операсы азыркы күндө да уккулуктуулугун жана баалуулугун жоготпой сактай бермекчи. Анткени,  Ата-Журтту коргоо ал үчүн күрөшкө чыгуу бул түбөлүктүү тема жана адилеттүүлүк менен адилетсиздиктин карама-каршылыгы   жөнүндөгү   чыгармалар азыр да өзүнүн актуалдуулугун жогото элек.

Мен ушул курстук иш боюнча опера-балет театры «Манас» эпосу жөнүндө бардык маалыматтарды билдим, коюлган опералардын негизин түшүндүм. Опера-балет театры «Манас» эпосу жөнүндө, артисттер, режиссерлор жөнүндө маалыматтарды таптым.

Маалыматтарды изилдеп жатканда мага аябай кызыктуу болду. Ушул маалыматтар мага эле эмес башка балдарга да жакан болуш керек жана мен тилектегендей эле ирас болсо да билип калдылар десем жаңылышпайт болсом керек. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Колдонулган адабияттар.

 

 

  1. Жусуп Мамай. «Манас». «Шам» басмасы, Бишкек - 1995ж.
  2. Күмүшалиев М. «Айчүрөк» операсына. «Адабият» басмасы, Фрунзе - 1975ж.
  3. Саякбай Каралаев. «Семетей». «Адабият» басмасы, Фрунзе 1989ж.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Тиркеме

 

 

1 сүрөт. «Айчүрөк» операсынан көрүнүш

 

 

 

2 сүрөт. Айчүрөк (Сайра Кийизбаева)

 

3 сүрөт. Чачыкей менен Айчүрөк

 

 

4 сүрөт. Маликов Кубанычбек Иманалиевич

 

5 сүрөт. Турсунбеков Жусуп Турсунбекович

 

6 сүрөт. Жоомарт Бөкөнбаев

 

 

7 сүрөт. Касымов Эркин Өмүркулович – Манас. «Манас» операсы 1984ж.

 

 

8 сүрөт.

9 сүрөт. Мухтаров Хусейн.

 

10 сүрөт. Махмутова Мариям

 

 

 

 

 

 

 

1 №1, 143 бет

2 №2, 178 бет

3 №3, 19 бет


Информация о работе Айчүрөк» жана «Манас» опералардын артисттери, кыргыз акындар