Кыргыз эли колдонгон жазуулар

Автор работы: Пользователь скрыл имя, 08 Мая 2013 в 07:21, реферат

Краткое описание

Араб алфавити. Араб алфавитин кыргыздар революцияга чейин 1924-1928-жылдардын аралыгында колдонушкан. 1924-жылы Орто Азиядагы элдердин улуттук чек арасы болунуп,Кыргыз автономиялуу областы тузулгон. Ушул жылдарда араб алфавитине озгортуулор киргизилип,кыргыз тилинин тыбыштык озгочолугуно ылыйык алфавиттин составына айрым тамгалар (э,ү) кошумчаланган,кээ бир артык баш тамгалар чыгарылган. Бирок араб алфавити кыргыз тилинин кун санап осушун канаатандыра алган эмес. Кемчиликтери томонкудой: 1. Араб алфавитинин составында ундуу тамгалар,айрыкча ичке ундуулор жетишсиз болгон. 2. Бир эле тамга соз башында, соз ортосунда,соз аягында ар турдуу жазылган. 3. Араб алфавитинин ондон солго караз жазылышы жазууну кыйындаткан.

Прикрепленные файлы: 1 файл

Кыргыз эли колдонгон жазуулар реферат.docx

— 47.66 Кб (Скачать документ)

                   Кыргыз эли колдонгон жазуулар

Араб алфавити. Араб алфавитин кыргыздар  революцияга чейин 1924-1928-жылдардын  аралыгында колдонушкан. 1924-жылы Орто Азиядагы элдердин улуттук чек арасы  болунуп,Кыргыз автономиялуу областы тузулгон. Ушул жылдарда араб алфавитине озгортуулор киргизилип,кыргыз тилинин тыбыштык озгочолугуно ылыйык алфавиттин составына айрым тамгалар (э,ү) кошумчаланган,кээ бир артык баш тамгалар чыгарылган. Бирок араб алфавити кыргыз тилинин кун санап осушун канаатандыра алган эмес. Кемчиликтери томонкудой: 1. Араб алфавитинин составында ундуу тамгалар,айрыкча ичке ундуулор жетишсиз болгон. 2. Бир эле тамга соз башында, соз ортосунда,соз аягында ар турдуу жазылган. 3. Араб алфавитинин ондон солго караз жазылышы жазууну кыйындаткан. 4. Алфавиттин составындагы 24 тамга кыргыз тилинин тыбыштык озгочолугунун толук тейлей алган эмес ж.б

Латын алфавити

Латын алфавити. Бул жаны алфавитке өтүүгө даярдык көрүү иши 2—3 жылга созулуп, латын алфавитинин артыкчылыгы жөнүндөгү маселе нечен ирет талкууланып, жергиликтүү органдар тарабынан тийиштүү токтомдор кабыл алынып келди.

  Араб алфавитине караганда, латын алфавитинин бир катар артыкчылыгы бар экендиги төмөнкүдөй негизги шарттарга байланыштуу: 1) тамгалардын айрым жазылышы; 2) араб алфавитинде колдонулуучу кошумча белгилердин жоктугу; 3) алфавиттеги тамгалардын баш тамга, кичине тамга болуп, эки түрдүү жазылышы; 4) техникалык жактан алганда, латын алфавитинин көп оңтойлуу жактары болуп, колдонулушу жагынан алда канча ийкемдүү жазуу экендиги.

   Ушул себептерди  эске алуу менен, Кыргызстанда  гана эмес, башка түрк элдеринде да латын алфавитине өтүү маселеси ар мезгилде козголуп келди.

   Латын алфавитине  өтүүнү биротоло чечүү үчүн 1926-жылдын  март айында Баку шаарында Бүткүл союздук биринчи түркологиялык съезд чакырылып, анда араб алфавитин колдонуп келген элдердин латын графикасына өтүү жөнүндөгү демилгеси колдоого алынып, жер-жерлерде

жаңы алиппе комитеттерин түзүү боюнча чечим кабыл алынат. Жаңы алфавитке өтүү маселеси ар бир  элдин өзүндө жана бир катар шаарларда  өткөрүлгөн Борбордук жаңы алиппе комитетинин пленумдарында нечен ирет коюлуп, буга көп даярдык көрүлүп, нечен долбоорлор түзүлүп, ал ар кеңири талкууланып келген.

  Бакуда өткөн биринчи  түркологиялык съездде Жаңы түрк  алфавитинин борбордук комитети  түзүлгөн. Бул кийинчерээк Жаңы алфавиттин бүткүл союздук борбордук комитети болуп кайра уюшулган. Комитеттин туруктуу орду Баку шаарында болгон. Комитет СССР элдеринин тилдери боюнча бардык адистерди бириктирип, жаңы алфавитти түзүү, анын составын тактоо жана колдонуу иштерине түздөн-түз жетекчилик кылып турган.

   Кыргызстанда латын  алфавитине өтүүгө даярдык көрүү  иштерин Областтык эл агартуу  бөлүмүнүн алдындагы Билим комиссиясы жүргүзүп келген. 1926-жылы октябрь айында Кыргызстандын областтык аткаруу комитетинин сессиясы болот. Сессияда Билим комиссиясы тарабынан латын алфавитинин негизинде түзүлгөн жаңы алфавитке өтүү жөнүндөгү сунуштун долбоору каралган. Сунуш бир добуштан жактырылып, сессия реформаланган араб алфавитинен акырындык менен латын алфавитине өтүү жөнүндө чечим кабыл алган. Бул сессияда жаңы алфавитке өтүү ишине жалпы жетекчилик кылуу үчүн Областтык жаңы алфавит комитети түзүлөт. Жаңы алфавитке өтүү боюнча илимий-методикалык иштерди жүргүзүү жагы Областтык эл агартуу бөлүмүнүн алдындагы Билим комиссиясына тапшырылат. Мына ушундан тартып жер-жерлерде жаңы алфавит боюнча курстар ачылып, анда мугалимдер жаңы алфавитти үйрөнө башташат. Эл арасында жаңы алфавиттин артыкчылыгы жөнүндө кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

   Кыргыз АССРинин Советтеринин 1927-жьшдын март айында болгон I учредителдик съезди жаңы кыргыз алфавитин Кыргызстанда 1927-жылдан тартып милдеттүү түрдө киргизүү жөнүндө токтом кабыл алган. 1927-жылдын декабрь айында жаңы алфавит өкмөт тарабынан мамлекеттик алфавит катары бекитилген. 1928 — 29-окуу жылынан баштап, мектептердеги бардык сабактар жаңы алфавит менен өтүлө баштаган. Мекемелерде иш кагаздарын жазуу, окуу китептерин жана башка адабияттарды, газета-журналдарды басып чыгаруу иши 1929-жылдын аягына чейин толук бойдон жаңы алфавитке көчүрүлүп бүткөн. Кыргыз АССРинин аткаруу комитети 1929-жылы 29-ноябрдагы токтому менен 1930-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстандын территориясында араб алфавитин колдонууга тыюу салган.

 Алгачкы кабыл алынган мезгилде латын алфавитинде да бир катар жетишпегендиктер болгон. Анын жетик эмес жактарын толуктоо, тактoo маселеси коомдук турмуштун ошол учрдагы талаптарына ылайык кайрадан каралып, улам өзгөртүүлөр кийрилип турду. Жаңы алфавиттин составында адегенде 24 гана тамга болгон. Баш тамгалар жана ичке үндүүлөрдү билдирүүчү ө, ү, и тамгалары жок болчу, о, у, ы тамгалары катышкан сөздөрдүн четине кыбачы (ичкертүү белгиси),коюлса, сөз ичке болуп окулган. Башкача айтканда, [ө], [ү],[и] тыбыштары катышкан сөздөрдүн башына кыбачы (v) белгиси колдонулуп, ошолор аркылуу [о], [у], [ы] тыбыштарын билгизген тамгалар ичкертилип окулган.

  Октябрь революциясынан  кийин кыргыз тилине орус тили  аркылуу кирген жаңы сөздөрдүн  туура жазылышын жаңы алфавиттин  мурунку составы толук камсыз  кыла алган эмес. Ошондуктан 1928-жылы  май айында Кыргыз АССР эл  агартуу комиссариатынын коллегиясында  алфавиттин составы кайрадан  каралып, кыбачы белгиси (v) чыгарылып  ташталган. Ичке үндүүлөрдү белгилөө  үчүн ө, у, i, тамгалары, бир катар  үнсүздөрдү белгилөө үчүн х, v, f, h тамгалары жаңыдан киргизилип, тамганын саны 24 эмес, 31 графикалык  белгиге жеткен. Бирок коллегиянын  бул жолку чечиминде баш тамга кабыл алынган эмес.

 1930-жылы июль айында Фрунзе шаарында баш тамгаларды кабыл алуу, терминология жана орфография маселелери боюнча кеңешме өткөрүлгөн. Кеңешмеде баш тамгалар кабыл алынган. Кыргыздын төл сөздөрүндө h тамгасы колдонулбагандыктан, алфавиттин составынан чыгарылган. Орус тили аркылуу кирген айрым сөздөрдү туура жазуу үчүн 1938-жылы z (ж) тамгасы кабыл алынган.

  Ошентип, кошумча тамгалар  менен биротоло толукталган латын  алфавити төмөнкүчө болгон:

 

 

Жаңы алфавиттин мурунку составына  караганда, кийинки такталган түрү менен сөздөрдү туура жазуу иши барган сайын жеңилдеп олтурган. Мисалы: kolxoz, neft, janvar, vagon, zurnal ж.б.

  Кыргызстанда латын графикасына  негизделген жаңы алфавитке өтүүнүн даярдыгы жүрүп жаткан мезгилде бул ишке көрүнүктүү илимпоз Касым Тыныстанов активдүү катышып, Бакуда өткөн түркологиялык съездде «Жаңы алфавитти түзүүнүн негизги принциптери жөнүндө» деген темада доклад жасады. Андан соң бул алфавиттин долбоорун түзүү, аны талкуулоо, элге тааныштыруу, айрым оңдоолорду киргизүү, толуктоо иштерин аткарып келди. Кыргыз орфографиясынын жаңы алфавитке негизделген долбоорун иштеп чыгып, аны 1934-жылы жарыялады, 1936-жылы бул автордун «Кыргыз имласы жөнүндөгү докладдын негизги багыттама жоболору» аттуу эмгеги жарык көрдү. Кыскасы, Касым Тыныстанов кыргыз элинин маданий турмушунда зор мааниге ээ болгон жогоркудай мамлекеттик деңгээлдеги чоң иштерге бардык күч-аракетин жумшап, көп эмгек сиңирди.

 Латын алфавита, араб жазуусуна  караганда, кыргыз калкынын сабаттуулугун  өстүрүп, маданий деңгээлин жогорулатууда чоң роль ойноду, анткени бул жаңы алфавит менен элди жазууга, окууга үйрөтүү алда канча жеңил болгон. Бирок отузунчу жылдардагы саясий жана социалдык кырдаалдын таасири менен, Советтер Союзундагы толуп жаткан башка элдердей эле, кыргыздар да орус графикасына негизделген жаңы алфавитке өтүүнү ылайык деп табышып, бул маселе Кыргыз ССР Жогорку Советинин 1940-жылы декабрь айында чакырылган сессиясында чечилип, жаңы алфавиттин жана анын негизинде иштелип чыккан кыргыз тилинин орфографиялык эрежелеринин долбоору жактырылды

Кыргаздар латын алфавитин 1928-1940-жылдардын  аралыгында колдонушкан. Араб алфавити сыяктуу эле латын алфавитинин  составындагы айрым тамгалардын  жетишсиздигинен 1928-жылы кыбачы белгиси  чыгарылып, ө,ү,ӊ, х,ф,в тамгалары киргизилген.1930-жылы баш тамгалар,1938-жылы орус тилинен кирген создорду тура жазуу учун Z(ж)тамгасы кабыл алынган.

 Латын алфавитинин томондогудой  кемчиликтери болгон.

  1. Латын алфавити орус тилинен оздоштурулгон жаны создорду, саясий-коомдук терминдердин тура жазылышын камсыз кыла алган эмес. 2. Бир эле соз орус тилинде да,кыргыз тилинде да ар башка жазылган: sovet-совет,sovhoz-совхоз ж.б 3. Бир эле республикада 2 алфавиттин (латын,орус) колдонулушу басма соз иштерине кыйынчылык келтирген ж.б

Орус алфавити.

Орус алфавитин 1941-жылдан бери колдонуп келе жатабыз. 1940-жылдын декабрында эмгекчилердин  каалолорун толук эске алып, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Сессиясы латын аофавитинен орус графикасынын негизинде тузулгон жаны алфавитке  отууну чечти.

  Орус  алфавитиндеги бардык тамгалар  кабыл алынып, анын тамгаларынын  окулушундагы жалпы эрежелери  сакталган.

Орус алфавити - орус улутунун тилинин тыбыштык курамын  туюндуруучу графикалык белгилердин  иреттүү катары. Орус алфавитинде  жумшартуу белгиси (ь), ажыратуу белгиси (ъ) бар. «Алар өз алдынча тыбышты  туюнтпайт: «ь» жумшартуу белгиси  өзүнөн мурунку тыбышты жумшартып айтуу үчүн, ал эми «ъ» ажыратуу белгиси сөздөрдү ажыратып айтуу керектигин эскертет. Орус алфавитинин башаты - кириллица. Ал Петр I нин реформасынан кийин киргизилип, ар кандай өзгөрүүлөр менен азыркы орус алфавити түзүлгөнгө чейин колдонулган. Орус алфавити Ортоазия элдеринин көпчүлүгүнүн алфавиттерин, анын ичинде кыргыз элинин алфавитин түзгөнгө негиз болгон.

   Кыргыз  эли 1941-жылдан баштап 36 тамгадан  турган орус алфавитине өткөн.  Кыргыздарда буга чейин болбогон  е, ё, я, ю, ц, щ, ъ, ь,  х тамгалары киргизилген. Ошондон  баштап бүгүнкү күнгө чейин ушул алфавит колдонулуп жатат.

   Орус  алфавитине өтүү жөнүндөгү алгачкы макала кыргыз тилинин жана жазуусунун илим-изилдөө институту тарабынан жазылды. Анда орус алфавитине өтүүнүн зарылдыгы көрсөтүлүп, анын негизги шарттары айтылган. Бул сунушту Кыргызстандын коомчулугу кызуу тосуп алышты. Ушундан тартып жаңы алфавитке өтүү жөнүндө газета-журналдарга бир катар макалалар жарыяланып, атайын чогулуштар өткөрүлдү.

  Орус  алфавити дүйнө боюнча бай  алфавиттердин бири. Аны ар кандай  улуттардын тилдеринин муктаждыктарын  канааттандырууга мүмкүнчүлүгү  бар. Орус алфавитине негизделген полиграфиялык базасы да бай болуп, алдыңкы техника менен жабдылган. Орус графикасына өтүү улуттук басма ишин жолго коюуга, аны өнүктүрүүгө толук мүмкүнчүлүк түздү.

   Орус  графикасына өтүүдөгү дагы бир жеңилдик - орус тилин тез үйрөнүү үчүн алфавиттин биримдигин туура пайдалануу. Кыргыз тилинин сөздүк составын байыткан илим, техника, экономика, саясатка байланыштуу турмушта кеңири колдонулуп жаткан термин сөздөрдү эки тилде бирдей жазууга жана туура окууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондуктан орус тилинин аз убакыттын ичинде башка улуттардын экинчи тили деп аталууга чейин жетишине алфавит бирдигинин да мааниси чоң болду. Ошондой эле улуттар арасындагы байланышты чындоо максаты да көздөлдү.

   Орус  графикасынын негизинде түзүлгөн  кыргыздын жаңы алфавитинин долбоору  эки жылга жакын кеңири талкууланып,  бир катар баалуу сунуштар  жана каалоолор айтылды. Анын  бардыгы кыргыз тили жана жазуусу  институт тарабынан даярдалган  долбоорду кайрадан иштөө мезгилинде  эске алынды. Жаңы алфавиттин  долбоорунда 36 тамга болуп, мында  орус алфавитинин составы толук  сакталды жана кыргыз тилинин  фонетикалык өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу кошумча үч тамга киргизилди.

   Кыргыз жазуусун латын  алфавитинен орус графикасынын  негизинде түзүлгөн жаңы алфавитке  өткөрүү 1940-41-жылдары иш жүзүнө ашырылган.

  Натыйжада,  азыркы кыргыз жазуусу өнүккөн  алдыңкы катардагы техниканын, илимдин,  маданияттын, полиграфиялык мекемелердин  талаптарына ылайык келе турган  жазуу болуп калды.

   Орус  кириллицасынын негизинде түзүлгөн  жаңы кыргыз алфавитинде төмөнкүдөй  өзгөчөлүктөр киргизилген:

   - орус  алфавитиндеги бардык тамгалар  кабыл алынып, тамгалардын окулушундагы  жалпы эрежелер сакталган;

   - кыргыз  тилинин тыбыштык өзгөчөлүктөрүнө ылайык кыргыз алфавитинин курамына  ө, ү, ң  тамгалары киргизилген;

   - орус  жана кыргыз тилдериндеги сөздөрдү  бирдей жазуу максатында тамгалары  киргизилген эмес.

Орхон-Енисей (энесай) жазуулары

Октябрь Революциясына  чейин кыргыз элинин жазуусу болгон эмес деген туура эмес ой-пикирлер айтылып келген. Кыргыз эли дүйнө  элдери сыяктуу эле өзүнүн тарыхын үрп-адат, салтын, маданиятын, тилин сактап келген жана жазуу-сызуусу да илгертеден эле бар экендиги тарыхый маалыматтардан улам белгилүү. Жазуу эстеликтери Тывадан, Тоолуу Алтайдан, Якутиянын түндүгүнөн жана Кыргызстандын Талас өрөөнүнөн табылган. Таластагы жазуулар Енисейдеги жазуу эстеликтерине тектеш. Енисей жазууларын Енисейдеги Кыргыз мамлекети, Чыгыш Түрк кагандыгы, Уйгур кагандыгы, Жетисуу Чыгыш Түркстандагы бир катар түрк өлкөлөрүнүн калкы колдонушкан. Биздин күндөргө жетип келген ташка чегерилип калтырылган Орхон-Енисей эстеликтери кыргыз элинин VI кылымдардан бери эле өзүнчө жазуусу бар экендигин далилдеп турат. Орхон-Енисей жазуусу - түрк тилинде сүйлөгөн элдердин жазма эстеликтери болуп саналат. Аны XIX, XX кылымда аты чыккан көрүнүктүү окумуштуулар С. Ремезов, Ф. Страленберг, Д. Миссершмидт Енисей дарыясынын боюнан табышкан. Мындай жазууларды Н. М. Ядринцев Орхон дарыясынын боюнан Монголиядан да тапкан. Аларды адеп окугандар В. Томсен менен орус түркологу В. В. Радлов болгон. Ал жазуулардагы маалыматтар ал жазууларды кыргыз эли колдонгондугун далилдеп турат. Орхон-Енисей жазуулары бүгүнкү күндө кеңири изилденилип, анда баяндалган окуялар кыргыз тарыхы, жазуусу катары гана саналбастан, Култегиндин эстелигиндеги жазуулар кыргыздын байыркы адабий мурасы катары да бааланууда.

 Араб алфавити

Кыргыз элинин орто кылымдагы тарыхы өтө татаал болгондугунан, анын маданияты да ар түрдүү өзгөрүүлөргө дуушар болуп турган. Бир жазуудан экинчи жазууга өтүп тургандыгы да ушундай тарыхый шарттар менен түшүндүрүлүүгө тийиш. Анын дагы бир күбөсү кыргыз элинин араб жазуусун колдонгондугуна байланышып турат.

Информация о работе Кыргыз эли колдонгон жазуулар