Элеттик менин энекем, Эч кимге аны тенебейм

Автор работы: Пользователь скрыл имя, 12 Ноября 2012 в 13:10, сочинение

Краткое описание

Жаралып бул дүйнѳгѳ келер замат,
Эненин жытын жыттап бѳбѳк жатат
Ошондо энекеси алдына алып,
Алгачкы эне сѳзүн баштап айтат:
“Балам сен,келечекке кадам койдуӊ

Прикрепленные файлы: 1 файл

Элеттик менин энекем.doc

— 30.00 Кб (Скачать документ)

“Элеттик менин энекем,

Эч  кимге аны теӊебейм!”

 

 

Жаралып бул дүйнѳгѳ келер замат,

Эненин  жытын жыттап бѳбѳк жатат

Ошондо  энекеси алдына алып,

Алгачкы эне сѳзүн баштап айтат:

“Балам сен,келечекке кадам койдуӊ

Жыл ѳтсѳ,кылым ѳтсѳ аман болгун

Бир гана мен сенден сураанарым,

Жѳнѳкѳй,кичи пейил адам болгун!”

Ушундай асыл сѳзду энекеси,

Балам деп,жытын жыттап эркелетет

Ыр  менен аземдеп айтып баштап,

Мээрими огой бетер күчѳй берет.

Ата-эне  жаратып бул дуйнѳгѳ,

Чоӊойтуп,кийинтирип,ѳстүрүшѳт

“Билими күч алсын баламдын”-деп

Мектепке  окуутушат,тарбиялап.

Бак-таалай,байлыгыбыз ата-энеде,

Эӊ сонун,эӊ кымбат асыл эне.

Эӊ биринчи оозанган тамагыбыз-

Бул сенин ак сүтүӊ,алтын эне!

Энекем,кагылайын  алтын энем,

Чын дилимден мен сага таазим этем

Келечекте ойлогон максатым бар

Эӊ ыйык ак сүтүӊдү актайм деген

Булут болуп  ѳмүрлѳр ѳтүп барат,

Таӊда калган жылдыздай ѳчүп жанат

Энеке кагылайын  картайбачы,

Бактылуу кундѳрүбүз ѳтүп жатат...

 

Мээрим тѳгүп,тарбиялап бакса дагы,

“Балам...”-деп  эркелетип турса дагы

Кээ бир пенде тушунбѳдү ушундайды

Кандай  ыйык кандай кымбат энелерди.

Билбедим!..

Заманыбыз кыйла эле ѳзгѳрдү,

Каралбаган  энелер да кѳбѳйдү,

Жаман адам энекесин картайганда

Ойлонбостон жерге тепсеп басып ѳттү.

Түшүнбѳдүм бул кандай жоорук болду?

Түшүнбѳдум бул кандай түйшүк болду?

Байлыгы артып-ашып жатса дагы

Кадырын кѳзгѳ илбей,кѳрбѳй койду

Балким  ал,колунда жок кедей жашап

Оор жук сыяктанып жаткандыр?!

Кандайча  бул?Эмнеге?Эмне учун?

Суроолорго  жооп да табыш кыйын.

Неге  мынча кыйнайсыӊ,оо Жараткан,

Карыларга кайраттык бер мен суранам,

Адам  пейли оӊолушун үмүт менен

Мен сенден ѳмүр бою тилеп келем.

Эне сѳзү кандай улуу,кандай жылуу,

Эне деген кандай асыл,кандай сулуу.

Бул турмушта мээримдүү энеӊ болсо

Адамсыӊ бул жашоодо эӊ бактылуу...

Замандаштар,силерден сураанарым,

Жакшы окуп,жакшы журуп туруунарды

Эч качан капа кылбай эненерди

Омур бою сый  урматка болоонорду.

Жаралса,энекедей ар бир пенде,

Жок болмок кро-албастык ар бир элде,

Акылмандык,мээримдуулук,асыл сапат,

Акыйкат созун  айтсам баары ЭНЕДЕ!!!


Информация о работе Элеттик менин энекем, Эч кимге аны тенебейм