Кыргызстандын табияты
Реферат, 15 Ноября 2012, автор: пользователь скрыл имя
Краткое описание
Тоолуу рельефтеринин татаалдыгы жана экологиялык табигый шарттарынын көп кырдуулугу Кыргызстандын жеринин кыртыштык-өсүмдүк катмарынын жана жаныбарлар дүйнөсүнүн өтө ар түрдүүлүгүн шарттайт. Анын аймагында чөлдөр, талаа-түздөр, токойлор, шалбаалар, бадалдуу өсүмдүктөр, саздар, тоо тундралары жана башка өсүмдүктөрдүн түрлөрү кездешет. Жаратылыштын башка компоненттери сыяктуу эле өсүмдүктөрдүн жайгашуусу аймактык факторлорго жана бийик тоого гана байланышпастан, албетте, жер шартынын чөлкөмдүн өзгөчөлүгүнө: тоо кыркаларынын, ой-түздөрдүн жайгашуусуна, жер кыртышындагы топурактын курамына жана мүнөзүнө да жараша болот.