Кыргызстан рельефи

Автор работы: Пользователь скрыл имя, 01 Декабря 2014 в 21:32, реферат

Краткое описание

Тоолуу рельефтин татаал түзүлүшү жана экологиялык шарттардын ар түрлдүүлүгү Кыргызстандын тоо-кыртыш жерлеринде өскөн өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлар дүйнөсүнүн көп түрдүү болушун шарттап турат. Республиканын аймагында чөлдөр, талаалар, шалбаалар, токойлор, бадалдуу токойлор, саздар, тоолуу шибер чөптөр жана өсүмдүктөрдүн башка көп сандаган түрлөрү кездешет.

Прикрепленные файлы: 1 файл

Кыргызстан рельефи.docx

— 15.12 Кб (Скачать документ)

Тоолуу рельефтин татаал түзүлүшү жана экологиялык шарттардын ар түрлдүүлүгү Кыргызстандын тоо-кыртыш жерлеринде өскөн өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлар дүйнөсүнүн көп түрдүү болушун шарттап турат. Республиканын аймагында чөлдөр, талаалар, шалбаалар, токойлор, бадалдуу токойлор, саздар, тоолуу шибер чөптөр жана өсүмдүктөрдүн башка көп сандаган түрлөрү кездешет.

Кыргыз Республикасыынын аймагы  батыштан чыгышты карай 900 кмга, түндүктөн түштүктү карай 410 кмга созулуп жатат жана болжол менен  39° жана 43°   түндүк кеңдиктеринин ортосунда жайгашкан. Республиканын аймагынын алда канча жогору көтөрүлүп турган бөлүгү анын чыгыш жагынын чет жагында жайгашкан. Бул жерде Кытай менен чектешкен тоо түйүнүндө Бүткүл Тянь-Шан тоо кыркасынын эң бийик чокулары –Жеңиш чокусу (7439 м) жана Хан-Теңир чокусу (6995 м) шаңкайып турат. Ушул жерден тартып тоо кыркалары негизинен 300-400 кмга чейинки кеңдиктеги багытта созулуп кеткен өзгөчөлөнгөн катарлаш тоо кыркаларын түзүп, батышты жана түштүк батышты карай тегерек сымактанып  уланып кетет. Республиканын Тажикстан менен чектешкен эң четки чек арасында улуу Чоң-Алай  тоолору бөлүнүп көрүнүп турат, ал жерде Кыргызстандагы экинчи бийиктик – Ленин чокусу (7134 м) бар.

Кыргыз Республикасы суу ресурстарынын ири запастарына ээ. 7 абдан ири суу бассейндеринде 28000 ден ашык дарыялар жана булактар жайгашкан, алардын 90%га жакыны 10 кмдан ашык узундукка чейин созулат. Алардын арасында суусунун деңгээли жогору болгон дарыялар да бар. Мисалы, Нарын дайрасынын узундугу 500 километрден ашат.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасында 166га жакын вирус жана бактерия, козукарындын жана башка төмөнкү өсүмдүктөрдүн 3676 түрү, жогорку өсүмдүктөрдүн 3869, жөнөкөй өсүмдүктөрдүн 101 түрү бар, 14600 түрдөгү курт-кумурска жана башка муунак буттуулар, 1,5 миңден ашык башка омурткасыздардынтүрлөрү, балыктын 75, жерде-сууда жашоочулардын 4, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 33, канаттуулардын 390, сүт эмүүчүлөрдүн 84 түрү.

Адамдын иш-аракетинин натыйжасында айрым түрлөр таптакыр жок болуп кеткен, башкалары жок болуу коркунучунда турат. Ири жана орто сүт эмүүчүлөрдүн фаунасында 3 түр кырылып жок болгон, 15 түр жок болуу коркунучунда турат; канаттуулардын фаунасында 4 түр өлүп жок болду, 26 түрү коркунучта турат; өсүмдүктөрдө жоготуулар азыраак – бир түр гана жок болгон, 56 түр жок болуу коркунучунда турат.

 


Информация о работе Кыргызстан рельефи